Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

2-майдын аба ырайы


Бишкек.
Бишкек.

2-майда Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жашылчаларга коркунучтуу.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу автожолдордо кар көчкү коркунучу сакталууда. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты кармоо сунушталат. Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

2-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн 2…7, айрым жерлеринде 0…-2 градус үшүк жүрөт, күндүз 15…20;

Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 9…14;

Нарында түнкүсүн -1…-3, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…+3 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21 градус ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG