Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

НАТО Ооганстандагы аскерлери боюнча чечим кабыл алат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТО Ооганстандагы аскерлердин саны боюнча чечимди жакын арада кабыл алат. Бул тууралуу аскерий альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Германиянын Welt am Sonntag басылмасына 30-апрелде курган маегинде билдирди.

Столтенберг коопсуздук жаатындагы оор кырдаалды эске алып, НАТО Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүшү мүмкүндүгүн айтканы менен так санын келтирген жок. Баш катчы түндүк альянс мындай чечимди июнь айында кабыл алышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Учурда Ооганстанда жергиликтүү күчтөргө жардам көрсөтүп, машыктырып жүргөн 13 миңдей НАТОнун жоокери бар.

АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Жон Николсон февраль айында Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө радикал согушкерлерге каршы толук кандуу күрөш жүргүзүү үчүн бир нече миң аскер жетишпей жатканын белгилген.

XS
SM
MD
LG