Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Автоунаа коюп кеткен окуучу cүйлөөгө жарап калды


Бишкекте автоунаа коюп кеткен окуучулардын бири Алимбек Сыранов эсине келип, сүйлөөгө жарап калды. Бул тууралуу анын атасы Алмаз Сыранов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, бала реанимациядан чыга элек. Экинчи окуучу Эрбол Мамажанов да бейтапканада. Абалы жакшы, тиешелүү дарылоо курсун алууда.

Эки бала тең Бишкектеги №74 мектептин 3-классында окуйт. Аларды 21-апрелде Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адам өтүүчү тилкеден машине сүзүп кетип, оор абалда Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер балдардын биринин абалы дурус болуп калганын, экинчиси комадан чыга электигин билдиришкен. Машиненин айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган.

22-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Кырсыктын чоо-жайын райондук милиция бөлүмү иликтөөдө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG