Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Роухани Перс булуңундагы жаңы мунай заводдун ачылышына катышты


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани 30-апрелде Перс булуңундагы жаңы мунай заводдун расмий ачылышына катышты. Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Роухани "мунай өндүрүүдөгү ишенимдүүлүк Иран эли үчүн сыймык" экенин белгиледи.

Ишкана курулган Бандар-Аббас аймагы башкалаа Тегерандан 1205 чакырым түштүктө жайгашкан.

Ушул тапта Иран күнүнө 64 миллион литр мунай өндүрүп, анын 12 миллион литри ички рынокко кетет.

Жаңы завод азырынча күнүнө 12 миллион литр мунай өндүрөт деп күтүлүүдө. Расмийлердин айтымында, 2018-жылы ишкананын курулушу толук аяктаган соң завод күнүнө 36 миллион литр мунай чыгара баштайт.

Роухани белгилегендей, 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын, анын ичинде АКШнын ортосунда кабыл алынган өзөктүк программа боюнча келишим заводдун иштеп башташына өбөлгө болду. Анткени дал ошол макулдашуудан кийин гана тиешелүү тетиктер чет жактан алынып келинген. Экинчи ирет президенттикке ат салышып жаткан Роухани консерваторлор тарабынан 2015-жылдагы келишим үчүн сынга алынып келет. Алар бул макулдашуу Иранга экономикалык пайда алып келбегинин белгилешүүдө.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG