Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 07:37

Талаштуу Кашмир аймагындагы өзүнүн эки аскеринин өлүмүнө Индия Пакистанды күнөөлөдү. Индиянын армиясы 1-майда тараткан билдирүүсүндө Пакистан тарап ракета жана минометтор менен аткылаганы жазылган. Ошондой эле билдирүүдө Пакистандын жоокерлери алдоо жолу менен индиялык эки жоокерди буктурмага түшүрүшүп, аларды мыкаачылык менен өлтүрүшкөнү белгиленет.

Расмий Исламабад бул билдирүүгө эч кандай жооп кайтара элек.

Эки өлкө Кашмир регионун 1947-жылдан бери талашып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG