Өзбекстан баш калаасы Ташкент шаарында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. 30-апрелде башталган мелдешке Азиянын бокс конфедерациясына мүчө болгон 29 өлкөдөн 200гө жакын мушкер катышууда.
Кыргызстандын намысын тогуз спортчу коргоого аттанган. Алардын арасынан Өмүрбек Малабеков (60 кг) жана Нурлан Кобашев (64 кг) биринчи беттеште атаандаштарын утуп жарым чейрек финалга чыгышты.
Эрмек Сакенов (69 кг.), Сирожиддин Абдуллаев (56 кг.), Ыктыяр Шабданбаев (75 кг.), Мирлан Түркбай уулу (49 кг.), Сергей Паренко (91 кг.) алгачкы таймаштарында утулуп мелдештен четтешти. Эртең, 2-майда Азат Үсөналиев (52 кг.) менен Эркин Адылбек уулу (81 кг.) 1/16 финалда, Өмүрбек Малабеков (60 кг.) жарым черек финалда күчүн сынайт.
Мелдештер 7-майга чейин уланат. Мушкерлер он комплект медал үчүн таймашууда. Андан тышкары, ушул жылдын 23-август-4-сентябрь күндөрү Германиянын Гамбург шаарында өтө турган дүйнө чемпиондугуна ар бир салмак категориясында алтыдан жолдомо (жалпы 60) берилет. (ECh)