Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстанда жаңы NTV телеканалы ачылды


NTV (New Television) телеканалы 1-майдан тарта ишке киришип, алгачкы берүүлөрү обого чыкты. Бул тууралуу телеканалдын башкы директору Нурланбек Шакиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Бул жогорку сапаттагы Full HD форматындагы Кыргызстандагы биринчи телеканал. Өлкөнүн бардык аймагында тартат. Алдыда спутникке чыгуу пландарыбыз бар" - деген Шакиев телеканалда көрсөтүүлөрдүн 70 пайызы кыргыз, 30 пайызы орус тилинде чыгарын кошумчалады.

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен миңден ашуун жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн. Анын 20дан ашыгы телеканалдар. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG