Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-минмстр Жеңиш Разаков билдирди. Ал “Коопсуз шаар” боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну “Кыргызтелекомго” берүү арзан жана ыңгайлуу болорун кошумчалады. Маалыматка караганда, пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн каржы булактар аныктала элек, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Аталган комитет жол коопсуздугу, Бишкек жана Ош шаарларына видеокөзөмөл орнотуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алууда. Бүгүн долбоордун бет ачары болду. Айрым депутаттар долбоорду “Кыргызтелекомго” берүүгө каршы пикир билдиришүүдө.
Буга чейин "Кыргызтелекомдун" материалдык-техникалык базасы менен "Коопсуз шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу ушул жылдын жай айында башталары айтылган. Ишкана жетекчиси Нурлан Мадеминов Орусия, Кытай, Канада компаниялары бул багытта өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнү сунуштаганын билдирген.
Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир нече жылдан бери айтылып келет. Бирок бул долбоордун айланасында соттошуулар болуп, ал ишке ашпай калган. (КЕ/ЕВМ)