Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылынын 43 жаштагы тургуну изделүүдө.
Ал кечээ Нарын дарыясынын жээгинде мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон.
Туугандарынын өз алдынча издөө иштери натыйжа бербей, куткаруучуларга кайрылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, издөө ишине 20 куткаруучу тартылды.