Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Өзбекстанда паспорт режимин бузгандарга жаза жеңилдетилүүдө


Өзбек паспорту
Өзбек паспорту

Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы паспорт режимин бузгандарга карата административдик жазаны жумшартуу долбоорун иштеп чыгууда.

Депутаттар айыппулдун көлөмүн азайтуу жана анын төмөнкү чегин тактоо максатында мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Эл өкүлдөрү 450 миң сумдук (расмий курс боюнча 100 доллардан ашык, базар курсу боюнча 60-65 доллар) айыппул жогору дешет.

Айрым жарандар, өзгөчө жакыр үй-бүлө өкүлдөрү паспорт алышкан эмес, же мөөнөтү өткөндөн кийин аларды алмаштыра албай калган.

Өзбекстанда биометрикалык паспорттор 2011-жылы ноябрдан тарта бериле баштаган. Эски үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аяктаган. Бирок айрым маалыматтарга караганда, өлкөнүн айрым облустарында бери дегенде эле жарандардын 40% паспортун алмаштырган эмес.

XS
SM
MD
LG