Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Жолдогу тешиктерди бүтөөгө жыл сайын 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт


Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.
Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.

Бул тууралуу бүгүн парламенттин комитет жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Бүгүн ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн жолдорду оңдоо, унаа кырсыктарын азайтуу жаатындагы ишин талкуулады. Эл өкүлдөрү Бишкек-Ош жолунун азыркы абалын сындашты.

Мындан сырткары жыйында Ош-Баткен-Исфана, Ноокат - Көк-Талаа, Бишкек-Кара-Балта, Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата – Корумду жана Жалал-Абад-Маданият жолдорун оңдоо иштери жөнүндө да маалымат берилди.

Мөөнөтү бүтө электе Бишкек-Ош жолу пайдалуудан чыга баштаганын, бөлүнгөн каражаттар максаттуу иштетилбей жатканын буга чейин депутаттар сындап чыгышкан.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 148 адам каза тапты. 1686 киши ар кандай жараат алган. (КЕ/ЕВМ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG