Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

ТИМ: Кытайга виза алуу Кыргызстанга эле катаалдаган жок


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыров “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет элдиктерге виза берүү тартибин катаалдаткан. Ага ылайык, чет өлкөлүктөр Кытайга чакыруу аркылуу гана кирип калышкан. Бир катар кыргызстандыктардын виза алалбай жатканына ушул чечим себеп:

- Кытайдын ар бир провинциясында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга чакырууну жасатуу талап кылынган. Ошол органдар чакырууну атайын штрих-код менен беришет. Мындан тышкары Кытайга кирип чыгып ишкерлик кылып жүргөн мекендештер топ болуп барууга милдеттендирилген. Алар дагы ал жакта кызматташып жүргөн өнөктөштөрү аркылуу чакыруу алып, ошонун негизинде виза алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындай катаал тартип жалгыз Кыргызстанга гана эмес, бардык мамлекеттердин жарандарына киргизилген. 2016-жылы 1-январда Кытайда террорчулукка каршы күрөш боюнча мыйзам кабыл алынган.

Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Бул окуя Кытайда окуган кыргызстандык студенттердин, Кытай менен иштеген ишкерлердин виза алуусунда кыйынчылык жаратып, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен виза алышкан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG