Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:56

ӨКМ: жергиликтүү бийлик жээктерди бекемдөөгө көңүл бурбай жатат


Жалал-Абад облусундагы дарыя жээгин бекемдөө иштери. 2-май, 2017-жыл.
Жалал-Абад облусундагы дарыя жээгин бекемдөө иштери. 2-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков суу ташкындарын алдын алуу иштери менен таанышкан учурда билдирди. Анын белгилешинче, дарыя жээктерин зым тосмолор менен тосууда кээ бир айыл өкмөттөрдүн иши чабал болууда:

- Быйыл Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыяларында суу күтүлгөндөн көп агып жатат. Дарыялардын 19 жеринде кооптуулук жаралып, биз өз учурунда сактап калдык. Азыр жээктерди бекемдөөгө бөлүнгөн габион-торлорду кээ бир айыл өкмөттөр иштетпей, толук кандуу жумуш алып барбай жатышат, – деди Бекилов.

Сузак районундагы дарыя жээктерин тосууда жергиликтүү бийлик менен ӨКМ ортосунда күйүүчү май жагынан тушүнбөстүк бар экенин район акими Абдумуктар Маматов да өкмөт башчыга билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев болсо айыл өкмөттөр аткарылган жумуштарды ашыкча эсептеп, колдонулган күйүүчү майга отчет бербей жатат деп айтты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликтен так иштөөнү талап кылды.

Өкмөт башчы эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт, дарыя жээктерин бекемдөө иштери менен таанышып, сел жүргөн аймактарды кыдырууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG