Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Жалал-Абад: президент демилге көтөргөн мектептин курулушу бүтө элек


Жалал-Абад шаарындагы курулушу бүтө элек мектеп.
Жалал-Абад шаарындагы курулушу бүтө элек мектеп.

Жалал-Абад шаарында 2015-жылы президенттин демилгеси менен башталган №6 мектептин курулушу бүтпөй турат. Жалпы сметалык баасы 76 миллион сомго бааланган 275 орундуу эки кабаттуу имараттын 30 пайызы гана бүттү. Мектеп директору белгисиз себептер менен каржылоо булагы токтоп калганын билдирди.

Бүгүн мектептин курулушу менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков таанышты, быйыл аны толугу менен пайдаланууга берүүнү тапшырды.

240 окуучу билим алган эски мектеп 1937-жылы салынып, 2014-жылы жараксыз деп жабылган. Учурда окуучулар №7 мектептин жарым имаратында үч кезек менен окуп жатышат. 2015-жылы майда президент Алмазбек Атамбаев облуска болгон иш сапарында мектеп курууну табыштаган. План боюнча курулуш былтыр аякташы керек болчу. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG