Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Сузак: үч айылды суу каптоо коркунучу жаралды


Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.
Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караган үч айылда эки миңден ашуун турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирип, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон жарым чакырым аралыктагы сай жээктерин бекемдөөгө каражат бөлүүнү сурады:

- Быйыл 150 метр жерди тосууга гана каражат бөлүнүптүр. Эгерде Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан сууну агызса, 1 миң куб метрден ашуун суу топтолуп, айылды жууп кетүү коркунучу бар. Ошол себептүү каражат маселеси эртерээк чечилиши керек,- деди Бекилов.

Өз кезегинде Жээнбеков тийиштүү тараптарды жумуштарды тез арада бүтүрүүгө жана каражат бөлүүгө чакырды. Ал бүгүн Жалал-Абад облусунда дарыя жээктерин бекемдөө иштери менен таанышууда.

Чангет-Сай, Көк-Арт дарыяларынан жана Өзбекстандын Кемпир-Абад суу сактагычынан келип кошулган суулар Кара-Дарыя айылынын жанынан агып өтөт. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG