АКШнын ракетага каршы коргонуу системасы (THAAD) Түштүк Кореяда ишке киришкени 2-майда Сеул менен Вашингтондо кабарланды. Сончжу деген жердеги гольф талаасына жайгаштырылган система Түндүк Кореянын кандай гана ракеталык же өзөктүк чабуулу болбосун жолун бөгөйт делет.
THAAD Түндүк Корея байма бай баллистикалык ракетасын сынап, натыйжада коңшулары жана АКШ менен мамилеси чыңалган учурда жайгаштырылууда. Адегенде ал 2017-жылдын аягында эксплуатацияга берилери айтылып жаткан.
Системанын келишин Орусия менен Кытай сынга алып, бул аймактагы күчтөрдүн балансын бузарын билдиришкен. Айрым түштүк кореялык оппозициячылар бийлик президенттик шайлоого чейин системаны орнотуп калууга ашыгууда дешет.
9-майда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо өкмөттүн алмашуусуна алып келет. Түндүк Корея менен кызматташууга чакырып келаткан талапкер Мун Жэин президент болуп калса, америкалык коргонуу системасы боюнча келишимди кайра карап чыгарын билдирди.