Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

3-майдын аба ырайы


3-майда Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүп, бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө-жемиш бактарына, өсүмдүктөргө коркунуч алып келет. ​

Кыргызстанда 3-майда жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Суусамырда түнкүсүн -5…-10, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2 градус үшүк жүрөт, күндүз 13…18;

Нарында түнкүсүн -1…-3 суук, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…5 градус жылуу.

3-майда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 21…23 градус ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG