Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму "күбөлөрдүн жаңы маалыматтары Сирия өкмөтү декабрдан берки чабуулдарында төрт ирет ууктуруучу химиялык курал колдонгонун көрсөтүүдө" деп билдирди. Анын ичинде 4-апрелде 90дон ашуун адамдын өмүрүн алган Хан-Шейхун чабуулу да бар экени айтылат.
“Өкмөттүн ууктуруучу каражаттарды колдонушу – бул өлүмдү көбөйтүү, жана бул анык бир схеманын бөлүгү”, - деди уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот.
1-майда жарыяланган баяндамасында уюм бул чабуулдар “Сирия өкмөттүк күчтөрүнүн химиялык куралды кеңири колдонуусунун бир бөлүгү” экени айтылат. Жана ал адамзатка каршы кылмыш болушу мүмкүндүгү белгиленет.
"Хьюман Райтс Уотч" чабуул болгон жерлерге барып изилдөө жүргүзө алган эмес. Бирок алар 60 күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, курмандыктар менен жергиликтүүлөр тарткан фото-видео материалдардын негизинде жыйынтык чыгарышканын билдиришти.