Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

"Хамастын" Израил боюнча жаңы документи жарыяланды


Халед Машаал
Халед Машаал

Палестиналык "Хамас" тобу Израилге байланыштуу турумун жумшарткан саясий документ жарыялады.

Анда 1967-жылкы алты күндүк согушта Израиль оккупациялаган аймактарга палестин өлкөсүн куруу идеясын колдоору белгиленип, бул "улуттук консенсустун формуласы" деп айтылат.

Документте күрөш еврейлерге каршы эмес, оккупант катары Израилге каршы болуп келгени да айтылат. Беш барактан турган программаны Катарда "Хамастын" ливандык лидери Халед Машаал жарыялады.

Израиль премьер-министринин маалымат катчысы Девид Кейес буга байланыштуу "Хамас" дүйнөнү алдоого аракеттенүүдө, бирок ал ишке ашпайт. Алар террор туннелдерин казып, тынч израилдиктерге миңдеген ракеталарын атууда" деп билдирди.

Айрым өлкөлөрдө террористтик деп таанылган "Хамас" исламисттик уюму буга чейин узак убакыт бою Израилди жок кылууга чакырып келген.

XS
SM
MD
LG