Партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун жети пайыздан 9% көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат, демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороев билдирди.
- Бул партиялардын биригишине түрткү болуп, майдаланып кетишин алдын алат. Учурда 200дөй саясий партия бар. Саясий элита шайлоо процессинин активдүү катышуучулары. Ошондуктан бул алардын өлкө үчүн, жалпы кызыкчылык үчүн биригишине мүмкүнчүлүк берет.
Талкууга катышкан жарандык активист Динара Ошурахунова шайлоо босогосун көтөрүүгө эрте экенин, бул жаңы түптөлүп келаткан партияларга тоскоолдук жаратарын белгиледи.
Мындан сырткары долбоордо шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көбөйтүү каралган. Саясий партияларга 5 млн. сом, президенттикке талапкерлер 2 млн. сом деп белгиленген.
Саясий партиялардын парламентке келишин шарттаган республикалык шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү демилгесин буга чейин президент Алмазбек Атамбаев дагы колдой турганын билдирген. (КЕ)