Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:11

Меркель менен Путин Сочиде жолугат

Меркель менен Путин мурдагы жолугушуулардын биринде
Меркель менен Путин мурдагы жолугушуулардын биринде

Германия канцлери Ангела Меркель 2-майда Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Лидерлер 7-8-июлда Гамбургда өтүүчү "Чоң жыйырманын" саммитине даярдыкты талкуулашары пландалган.

Канцлердин бир күндүк сапарында Украина менен Сириядагы жаңжалдар да сөз болору күтүлүүдө.

"Албетте мамилелерди оорлотуп келаткан эки маселе бар", деди немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт. Ал Орусиянын Украинага куралдуу кийлигишүүсү менен Путиндин Сирияда Башар Асаддын режимин колдоосун эске алууда.

Ушул эле күнү кечке маал Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшөрү маалымдалууда. Ак үйдүн билдиришинче, анда Трамп менен Путин Сирия маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG