Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Түркиялык ишкер Ахмед Кая Elektromed боюнча түшүндүрмө берди


Gulcanlar Elektrik Elektronik ишканасы.
Gulcanlar Elektrik Elektronik ишканасы.

Түркиялык Elektromed фирмасы кирген «Термикель» компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы Ахмет Каянын атынан, ahmetkaya@elektromed.com.tr дареги аркылуу келген электрондук катта Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган ишканалар тууралуу туура эмес маалымат жарыяланып кеткени жазылган:

- Акыркы убакта Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында биздин фирма жөнүндө кыргызстандык жаран Эдил Байсаловдун негизсиз комментарийлерине таянган маалымат пайда болду. Биз бул калп жана атайылап бурмаланган маалымат ким үчүн иштеп, кимге багытталганы билинерине ишенебиз. Кыргызстандын жарандарын ачык кабардар кылгыбыз келет: 2003-жылы Алмазбек Атамбаевге 92720 номери менен катталган жана 2002-жылдын 27-декабрына карата 50.000.000.000 лира капиталы болгон «Gülcanlar Elektrik Elektronik Ltd.Şti.» компаниясынын 90% акциясы үчүн 35 миллион АКШ доллары төлөнгөн. Түркиянын эркин зона тууралуу жобосуна ылайык, бул жараян мамлекетте салыктык жоготууларга алып келген эмес. Каттоого алынган капитал менен фирманын реалдуу баалары ар кандай болушу мүмкүн. Бул жараян төмөнкүдөй жол менен ишке ашкан: 2002-2003-жылы уставдык капиталы 30 000 доллар болгон фирманын 90% акциясы Алмазбек Атамбаевден 35 миллион долларга сатылып алынган. 2006-жылы «Gülcanlar» «Elektromed Elektronik» деген аталышта иштей баштаган. Байсалов эч кандай мыйзам бузуу болбогонуна карабай «Gülcanlar» Атамбаевден мыйзамсыз сатып алынган деп жалаа жапты, - деп айтылат анда.

Бул билдирүүдөн кийин жарандык активист Эдил Байсалов Ахмет Каянын билдирүүсүндө өз сөздөрү бурмаланганын, буга байланыштуу сотко кайрыларын "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирди

- Биринчиден, «Gülcanlar» фирмасы «Elektromed» тарабынан мыйзамсыз сатып алынган, мыйзамсыз жараян жүргөн деп качан, кайсы жерде айтыптырмын? Экинчиден, «Gülcanlar» фирмасы Алмазбек Атамбаевден мыйзамсыз жол менен сатып алынган деп качан жалаа жаапмын? Мен Elektromed Elektronik фирмасынан муну ырастаган далилдерди берүүнү талап кылам. Менин дарегиме айтылган ушактарды жокко чыгаруу үчүн мүмкүн болгон бардык сотторго, анын ичинде Түркиянын жана башка инстанцияларга кайрылам, - деп жазды Байсалов.

Президент Атамбаевдин 2000-жылдардагы Түркиядагы мүлктөрү тууралуу талкуу быйыл 5-апрелде башталган. Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, өз мүлкүнүн ачыктыгы тууралуу маалымат берген. Анда президент баш прокурорго 2003-жылы Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасын 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлаган.

Мындан соң Эдил Байсалов бул сандарды өз алдынча эсептеп, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд түрк лирасы 2003-жылы 35 млн доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан.

12-апрелде президенттин маалымат кызматы кайрадан кабар таратып, президент 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканын дагы бир жолу ырастап, бирок “ишкананын рыноктук наркы жана уставдык капиталы боюнча сандарды чаташтыруудан улам ката кеткенин" моюнга алып, коомчулуктан ал үчүн кечирим сураган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG