Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт


2015-жылы Бишкекте өткөн Өзбекстан маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт
2015-жылы Бишкекте өткөн Өзбекстан маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт

9-13-майда Тажикстандын Душанбе жана Кургантепа шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Тажикстандын Маданият министрлиги билдирди.

Министрлик беш күндүк иш-чара эки өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи ирет өтүп жатканын белгилейт.

Анда белгилүү өзбек ырчылары концерт коюп, өзбек фильдери жана искусство экспонаттары көрсөтүлөт.

20-апрелде Душанбеде өзбекстандык товарлардын көргөзмөсү өтүп, анда тараптар 35 млн долларлык соода келишимине жетишкени кабарланган.

Апрелде эки өлкө 25 жыл мурда токтотулган аба каттамдарын да жандандырышкан.

Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турганда узак жылдар бою коңшулардын транзиттик маршрут, чек ара коопсуздугу жана суу ресурстары боюнча мамилелери чыңалып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG