Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Шайлоолорго арналган өзгөртүүлөр комитеттерде каралат


Парламент шайлоо маселесин талкуулады
Парламент шайлоо маселесин талкуулады

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору эми парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралат. Андан кийин жалпы жыйында экинчи окууда талкуулашат. Бүгүн депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттердин катышуусунда аталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Мыйзам долбоордо саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга, президенттикке талапкердин күрөөсүн 2 млн. сомго көтөрүү демилгеси айтылды. Мындан сырткары шайлоочулардын тизмеси, шайлоо фондунун ачыктыгын камсыз кылуу боюнча сунуштар бар.

Коомдук угууда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады. Анын себептерин эл өкүлү "Азаттыкка" курган маегинде мындай түшүндүрдү:

- Эмне үчүн 15-октябрь? Анткени шайлоочулар жайында эс алууда, жайлоодо болот. Ар бир жаранга дагы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир-эки киши болбойт десе ээрчип кете бербеш керек. Ушул убакытка койсок эки тур болсо ага дагы, 20 күнгө чейин БШКга жыйынтык чыгарууга дагы, сот болсо ага дагы мөөнөт жетет. Декабрга чейин толугу менен шайлоо бүтөт.

Оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга таянып, өлкө башчысын шайлоону мындан да эртерек өткөрүүнү сунуштоодо. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Президентти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керектигин айтты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG