Ноокен райондук сотунун өкүмү менен Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасында иштеген Кытайдын эки жаранын тоногон үч адам эки жылдан шарттуу кесилди. Бул тууралуу райондук соттон "Азаттык" радиосуна билдиришти.
Былтыр январда Кочкор-Ата шаарында убактылуу жашап турган эки Кытай жаранын белгисиз кишилер көчөдө тоноп, 4 миң сом акчасын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан. Милиция Кылмыш кодексинин 167-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, чет элдиктерди тоногондор изделе баштаган. Быйыл февралда кылмышка шектелип 23 жана 24 жаштардагы үч адам кармалган. (RsK/NT)