Линктер

жума, 23-февраль, 2018 Бишкек убактысы 04:54

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары 24-29-апрелде Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн 51-эл аралык Менделеев олимпиадасынан коло медал менен кайтышты.

Оштогу «Сема» лицейинин окуучусу Абдыкерим уулу Эржигит - 11-класстар, ал эми Таластагы «Манас-Ата» лицейинин окуучусу Ильяс Батырбеков 10-класстар арасында таймашты. Жалпысынан "Сапат" билим берүү мекемесинин төрт окуучусу олимпиадада жогорку балл алып, аларга 6-июлда Тайландда өтүүчү химия боюнча эл аралык олимпиадага жолдомо берилди.

Менделеев олимпиадасы жыл сайын өткөрүлүп келет, быйыл ага 22 мамлекеттен 120 окуучу катышты. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG