Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Трамп менен Путин телефондон сүйлөшөт


Путин жана Трамп
Путин жана Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин шейшембинин кечинде (Бишкек убактысы боюнча 22.30) телефондон сүйлөшөт.

Бул тууралуу Ак Үйдөн кабарлашып, лидерлер Сирия жаңжалын талкуулашарын билдиришти. 7-апрелде АКШ Сирия өкмөтү элине химиялык курал колдонду деп Асаддын аба базасына сокку урган. Орусия муну кескин айыптап чыккан. Кийинчерээк Путин Вашингтон-Москва алакасы Обаманын тушундагыдан да начарлап кеткенин айткан эле.

Ошондон бери эки лидер байланыша элек болчу. Ага чейин эки ирет, Трамптын инаугурациясынан кийин жана Санкт-Петербургдагы терактка байланыштуу телефондон сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG