Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Казакстанда "жахаба күбөсү" соттолду


Теймур Ахмедов сотто
Теймур Ахмедов сотто

Астананын Сары-Арка райондук соту «Жахаба күбөлөрү» диний уюмунун жактоочусун «улут жана дин аралык кастыкты козутту» деп, беш жылга эркинен ажыратты. Быйыл январда 60 жаштагы Теймур Ахмедовду Улуттук коопсуздук комитети кармаган.

Анын жактоочусу Наталья Кононенко сот чечимине каршы даттанышарын билдирди. Ал сотто далил келтирилген маектин айыптоого ыңгайлуу үзүндүлөрү гана угузулган дейт:

- Сот жаздырылган маектеги Ахмедовду актоочу бөлүктөрүн кароодон баш тарты. Ошондой эле маек жазылган 19 дискте студенттердин чагымчыл суроолору дагы жазылган. Бирок, сотто ал эске алынган жок.

Төрт айдай камакта жаткан Теймур Ахмедов айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG