Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Эрдоган ЕБны Түркиянын талабы боюнча сүйлөшүүнү улантууга чакырды


Эрдоган
Эрдоган

Режеп Тайып Эрдоган Евробиримдикке мүчөлүк маселесинде Түркия сунуштаган аспектилер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Болбосо Анкара эч кандай талкуу жүргүзбөй, Биримдик менен кош айтышары да эскертилген.

Түрк президентинин бул билдирүүсү "Акыйкаттык жана өнүгүү" партиясына кайра мүчө болушуна байланыштуу салтанатта айтылды.

Андан бир нече саат мурда, 2-майда Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Эрдоган баштаган Түркия бийлиги Биримдикке кирүүдөн айнып кетти деген эле.

Түркия Европа экономикалык коомчулугуна (Евробиримдиктин мурдагы түзүмү - ред.) кирүүгө 1987-жылы арыз берген. 2005-жылы Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Анын алдында Анкара өлүм жазасын жойгон. Бирок быйылкы референдумдан кийин Эрдоган өлүм жазасын кайра калыбына келтиребиз деген эле. Андай болсо Түркия Биримдикке киргизилбеси эскертилген.

Анкара-Брюссель мамилеси өткөн жылкы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийинки миңдеген кармоолорго байланыштуу да чыңалган.

Мындан тышкары буга чейин сүйлөшүүлөрдөгү жалпы 35 бөлүмдүн 16сы ачылган. Анын бирөө боюнча гана сүйлөшүүлөр жыйынтыкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG