Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Меркел менен Путин жолугушту


Сочидеги жолугушуудан кийинки маалымат жыйыны
Сочидеги жолугушуудан кийинки маалымат жыйыны

Германия канцлери Ангела Меркел менен Орусия президенти Владимир Путин Сочиде 2-майда жолугушуп, актуалдуу эл аралык маселелерди талкуулашты.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында эки лидер тең Украина чыгышындагы чатакты жөнгөрүү боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткаруу бардык тараптарга маанилүү экенин билдиришти.

"Бүгүн биз чатакташкан тараптар Минск келишимин бекем сакташы зарылдыгын дагы бир жолу бышыктадык", деди Путин.

Ал эми Меркел Москва менен Берлин "чатактын себептери боюнча ар башка ойдо" экенин айтат. Ал чек арасында, анын ичинде жикчилдер менен Орусия ээлик кылып турган аймактарында көзөмөлдү толук орнотуу Киевге өтө маанилүү экенин белгилейт.

Эки лидер Сириядагы алты жылга созулган жарандык согушту да талкуулашты. Путин чатакты басууда эффективдүү чечим табыш үчүн АКШнын көмөгүнө ишенип турганын билдирди.

Меркел Орусиянын өзүндөгү коррупцияга каршы митингде кармалгандар, Чеченстанда кумсалар куугунтукталууда деген маалыматтар боюнча да сүйлөшкөндөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары лидерлер 7-8-июлда Гамбургда өтүүчү "Чоң жыйырманын" саммитине даярдыкты да талкуулашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG