Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" китеби чыкты


Султан Жумагуловдун китеби.
Султан Жумагуловдун китеби.

Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпоктун (Жумагулов) "Кыргызча жашоо бормулалары" китеби жарык көрдү. Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки карай жазылган чыгармалары кирди. Аларда совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу учуру, башкача айтканда, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна эми үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырлары камтылган. Бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт. Китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылды. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралу сөз болот. Китеп Бишкектеги "Имак" басмаканасында басылды.

XS
SM
MD
LG