Сирияда жүргөн орусиялык аскер кеңешчиси Алексей Бучельников мерт кетти. Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан кабарга ылайык, ал Сирия армиясында артиллериялык техникаларды колдонуу ыкмаларын үйрөтүп жүргөн. Машыгуулардын биринде көзгө атардын огунан көз жумган.
Маркум мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлмөй болду.
20-апрелде да Сирияда штабды бекемдөө боюнча Дамаск күчтөрүн окутуп жүргөн майор Сергей Бодров каза болгон эле.