Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:04

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР каналы биргелешип уюштурган «Беш акын» таймашы өттү. 2-май күнкү адабий иш-чарага акындар Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова жана Абдыжапар Эгембердиев катышып, 1-орунга Гүлжамила Шакирова ээ болду.

Эмки айлампада алардан кийинки муундагы акындар ат салышат.

Таймаш эрежеси боюнча, бир муундагы беш акын калыстар тобуна экиден ыр, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор жаңырат. Катышуучулар ыр жазгандан башка өнөрлөрүн да көрсөтүшөт.

ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы башталган бул долбоор алгач КТРК менен биргеликте ишке ашып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.

2015- жылы өткөн кылымдын 40-50-жылдары ортосундагы акындар арасынан Анатай Өмүрканов, 50 - 60-жылкылардан Карбалас Бакиров, 60 - 70-жылкы муундан Атантай Акбаров, 70 - 80-жылдагы муундан Зайырбек Ажыматов жеңишке жетишкен.

Долбоордун алгачкы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 доллар акчалай сыйлык берилип, Түркияда өткөн поэзия фестивалына катышышкан. (ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG