Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Зомбулуктан өлдү делген келиндин жакындары соттун чечимине нааразы


Зордук-зомбулуктун курмандыгы болду делген Нурзат
Зордук-зомбулуктун курмандыгы болду делген Нурзат

Аялын сабап, өз жанын кыйганга жеткирди делген Нурдин Убукеевдин жатак абагына которулушуна келиндин жакындары нааразы болушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди. Бишкектин Октябрь райондук соту Нурдин Убукеевди Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси боюнча төрт жылга абакка кескен. Тергөө Убукеев аялын узак убакыт бою мазактап, зомбулук көрсөткөн деп тапкан.

- 2015-жылы 27 жаштагы келин өз жанын кыйган. Бул иш биринчи инстанцияда каралып, анын күйөөсү 102-берененин 2-пункту боюнча (Өлүмгө алып барган) соттолгон. Бишкек шаардык соту амнистия дегенди алып салып, жатак абагына кесип, жазаны жеңилдетип коюптур. Азыр жакындары нааразы болуп, Жогорку Сотко арызданганы жатат, - деди Бүбүсара Рыскулова.

Өз жанын кыйды делген Нурзат бир үйдүн кичүү, эрке кызы болгон. Ал Нурдин Убукеев менен бир жылдан ашуун гана чогуу жашаган. Бир тууган эжеси Айзаданын белгилешинче, маркумга күйөөсү турмуш кургандан эки ай өткөндөн кийин эле кол көтөрө баштаган.

Бирок Нурдин Убукеев сот жараяндарында күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Кыргызстанда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, зомбулукка кабылгандардын саны 23% түзөт. Ал эми көз карандысыз иликтөө бул санды 50 пайыз деп көрсөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG