Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Македонияда улутчулдардын нааразылыгы жанданды


Скопьедеги демонстрация. 2-май, 2017-жыл.
Скопьедеги демонстрация. 2-май, 2017-жыл.

Миңдеген улутчул демонстранттар Македониянын борбору Скопьеде 2-майда да нааразылыкка чыгышты.

Алар өкмөттүк коалицияга этникалык албандардын партиялары кошулушуна каршы болуп жатышат. Демонстранттардын пикиринде, Социал-демократиялык партиянын этникалык албандардын партиясы менен жетишкен макулдашуусу улуттук биримдикке шек келтирет.

Ал эми мурдагы премьер-министр Никола Гуревскинин албан тили Македонияда экинчи расмий расмий тил болушуна каршы чыккан VMRO -DPMNE партиясы коалициядан сыртта калган эле.

27-апрелде аталган партия коалиция жаңы шайлаган парламент спикери Талат Хаферинин кеңсесине киришине жол бербей койсо, демонстранттар тобу ошол эле күнү парламент имаратына басып киришип, Социал-демократиялык партиянын лидери Зоран Заевди жана этникалык албан депутаттардын бир нечесин сабашкан.

Евробиримдик жана АКШ айыптаган бул тополоңдо 100дөй киши жаракат алган болчу.

АКШ Мамлекеттик департаменти дем алыш күндөрү Скопьеге жогорку даражалуу чабарманын жөнөтүп, VMRO -DPMNE партиясынын лидерлерин бийликти жаңы өкмөткө тынч өткөрүп берүүгө үндөштү.

Бирок, Македонияны акыркы төрт жылдан бери башкарган бул партиянын жана алардын жактоочуларынын бийликтен тынч кетеринин белгилери азырынча байкала элек.

Македониядагы акыркы парламенттик шайлоо былтыр декабрда өткөн. Партияларынын коалицияга кириши каршылык жараткан этникалык албандар өлкөнүн 2 миллиондой калкынын 25%га жакынын түзөт. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG