Бишкектин Биринчи май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча ишти карап жатат. Бүгүн күбөлөрдүн бири гана келип, калганы келбей калганына байланыштуу сот 4-майга жылганын аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, сотто күбөлөр көрсөтмө беришүүдө. Буга чейинки териштирүүлөрдө 20га чукул күбө суралды.
Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.
Жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин, шектүү беш киши кармалып, төрт адамга издөө жарыяланганын билдирген. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары экени айтылган. (NT)