Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кабулдагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул, 3-май, 2017-жыл.
Жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул, 3-май, 2017-жыл.

Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, жарылуу борбор Кабулдун АКШ элчилиги жайгашкан бөлүгүнө жакын жерде жасалды.

Андан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылып, дагы 28 киши жарадар болгон.

Чет элдик аскерлердин кербени бутага алынган бул кол салуу үчүн жоопкер экенин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнүн медиа канаты аркылуу тараткан билдирүүдө жарыялады.

Алардын маалыматында айтылгандай, жанкечти бомбаланган унааны аскерий кербен АКШ элчилигинин жанынан өтүп бара жаткан кезде жардырган.

Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нажиб Даништин айтымында, курмандыктардын көпчүлүгү “жайкын тургундар”

НАТО өкүлүнүн айтымында, жарылуудан алардын үч аскери жеңил жаракат алды.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмү акыркы кездери кубаттанып бара жатканы байкалууда. Алар ооган өкмөтү менен да, "Талибан" кыймылы менен да күрөшүп жатат.

"Талибан" өзү өткөн аптада быйылкы жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган болчу.

Ооган борборунда быйыл жыл башынан бери эле беш ири кол салуу жасалып, андан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылды жана жаракат алышты.

АКШ коргоо министри Жеймс Маттис өткөн айда Кабулга барган учурунда быйыл Ооганстанда чет элдик да, жергиликтүү аскерлер үчүн да “дагы бир оор жыл болорун” эскерткен.

Ал эми НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг өткөн апта соңунда алар Ооганстандагы коопсуздук кырдаалынан улам аскерлердин санын көбөйтүүнү караштырып жатканын билдирди.

Ооганстанда азыр АКШнын 8400, НАТО өлкөлөрүнүн 5000дей жоокери бар.( UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG