Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө кайталанды


Чоң-Алай.
Чоң-Алай.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө бүгүн саат 11:36да кайталанды. Анын күчү очогунда 4.5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынан батышты көздөй 25 чакырым, Карамыктан 28 чакырым, Баткен шаарынын түштүк-чыгышынан 85 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 163 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүү күчү Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык айылдарында 4 балл, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Коргон, Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак кыштактарында 3 балл сезилди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 10.47де да 6-7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта коңшу өлкө аймагында орун алганы маалымдалган.

Силкинүүдөн Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагындагы айрым турак үйлөрдө, короо-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болгонун ӨКМ кабарлады. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG