Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Алай: жер көчкү активдешкен аймактан 14 үй-бүлө көчүрүлдү


Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы жер көчкү активдешкен аймак.
Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы жер көчкү активдешкен аймак.

Ош облусуна караштуу Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы жер көчкү активдешкен аймактан 14 үй-бүлө, жалпысынан 85 адам коопсуз жайга, тугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

14 үй-бүө үчүн ашкана буюмдары, тазалык каражаттары жеткирилип, куткаруучулар 5 орундуу 14 чатыр тигип беришти.

Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылында жаңы жер көчкү пайда болуп, үч метрге чейин сүрүлгөн. Андан 200 метр алыстыкта жайгашкан эки турак жайдын жашоочулары буга чейин туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жааганына байланыштуу жер көчкү байма-бай кайталанууда. 29-апрелде Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы көчкү 24 адамды басып калды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG