Кыргызстанда 4-майда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорундо жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Баткен дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 4-майда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус ысык болот.
4-майдан 8-майга чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-128, 132-136 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 222-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу), Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 60-68 чакырымдарында (Барскоон жана Сөөк ашууларында) күрткү болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.