Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Екатеринбургда кыргызстандык жаран киши колдуу болду


Екатеринбург шаары.
Екатеринбург шаары.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 1-майда Кыргызстандын жараны киши колдуу болду.

Тышкы иштер министрлиги Екатеринбург шаарынын Ленин райондук тергөө бөлүмүнө таянып билдиргендей, 1-майдын кечинде Носиров О.Х. аттуу таксинин айдоочусу 29 жаштагы кыргызстандык А.Э. аттуу жаранды өлтүрүп койгон.

Эки тарапта жол киреге байланыштуу чыр чыкканы, мурда тааныш эместиги, айдоочу бурагыч (отвертка) менен маркумду жүрөк тушка сайып жиберип, ал окуя болгон жерде каза тапканы маалым болду.

Кылмышка шектүү кармалып, соттук экспертиза жүрүп жатат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG