Кремлдин башкы сынчысы жана оппозициячыл саясатчынын иши боюнча кезектеги сот өкүмүн бүгүн Киров облустук сот чыгарып, алгачкы соттук инстанциянын чечимин колдоду.
Баштапкы инстанциядагы сот ишти кайра карагандан кийин Алексей Навальныйды жана анын кызматташы Петр Офицеровду "Кировлес" компаниясынан акча уурдаган деп таап, быйыл 8-февралда беш жана төрт жылда шарттуу кескен болчу.
Ушундай эле өкүм алгач 2013-жылы да чыккандан кийин Навальный жана анын кызматташы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, ал жерде айыпкерлердин адилет сотко болгон укугу бузулган деген чечим чыгарылган эле. Мына ушундан кийин Орусия соту ишти кайра кароого аргасыз болгон.
Навальный күнөөсүз экенин жана өзүнө каршы сот иштеринин саясий жүйөсү бардыгын айып келет. Ал былтыр декабрда 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. (UE)