Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкек туристтер үчүн ыңгайлуу 10 шаардын катарына кирди


TurStat эл аралык талдоо агенттиги Бишкекти КМШ өлкөлөрүндө саякатка ылайыктуу мыкты он шаардын катарына кошту. Бул тизме тамактануу, баш калкалоо жана сейилдөөгө кеткен күнүмдүк чыгымдарды эсептөө менен чыгарылган.

Тизмеде Минск, Тбилиси, Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Ташкент, Бишкек жана Кишинев.

Бишкек менен Кишинев эң арзан шаарлар деп табылды. Аталган эки калаада бир жарым күндө туристтер 35-36 доллар коротушат. Эң кымбат шаар - Астана. Бул жерде эки күндүк чыгым 58 доллардан ашат.

TurStat агенттиги Орусиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги туризм рыногун изилдейт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG