Бишкек мэриясы Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнүнүн 72 жылдыгына карата эскерүү иш-чараларын баштады. Бүгүн Кызыл-Аскер кичирайонундагы согуш ардагерлеринин мүрзөсүнө мэр Албек Ибраимов баштаган аткаминерлер барып гүл коюшат. Түшкү саат 12де Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында майрамдык концерт болот.
Эскерүүлөр күн сайын уюштурулуп, 9-майда республикалык деңгээлде майрам тартууланат.
Ошондой Улуттук илимдер академиясында бүгүн “Улуу жеңиш: тарых жана бүгүнкү күн” конференция өтөт. (SE)
Facebook шеринеси