Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

АФК-2017: "Алай" "Истиклолго" 1:4 эсебинде утулду


Азиянын футбол конфедерациясы-2017 кубогунун тайпалык тандоо оюнунда Оштун "Алай" клубу Тажикстандын "Истиклол" командасына 1:4 эсебинде утулду. Беттеш бүгүн, 3-майда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү.

Эки команданын 18-апрелде Дүйшөмбү шаарында өткөн беттешинде да тажиктер 3:1 эсебинде жеңишке жеткен эле.

Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары АФК-2017 тайпалык тандоо мелдештеринде Тажикстандын "Истиклол" жана Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубдары менен бирге "D" тайпасында ойноп жатат. Беттештер 31-майга чейин уланат.

Ушул тапта Түркмөнстандын Балканабад шаарында Бишкектин "Дордой" клубу түркмөндөрдүн "Алтын Асыр" клубу менен беттешүүдө. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталды. Учурда 3:0 эсебинде талаа ээлери алдыда келе жатат.

Буга чейин аталган эки команда 18-апрелде таймашып, 0:2 эсебинде түркмөндөр уткан.

Эми 17-май күнү Түркмөнстанда "Алтын Асыр" менен "Алай", Бишкек шаарында "Дордой" менен "Истиклол" беттешет.

Төртүнчү турдагы оюндардан кийин "Истиклол" 10 упай менен алдыңкы катарда келе жатат. Жети упай менен "Алтын Асыр" экинчи сапта. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү орунда. "Алай" клубунда азырынча упай жок жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG