Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы өзбек драма театрына өзбек өкмөтү убада кылган 50 миң долларлык жардамдын 30 миң долларга жакыны келди. Калганы кийинчерээк берилет. Бул тууралуу театр жетекчиси Набижан Мамажанов кабарлап, артисттер үчүн түрдүү образдарга кийим-кече жана сахна жасалгалары 30-апрелде берилгенин айтты. Алар өзбек жазуучусу Пиримкул Кадировдун "Жылдыздуу түндөр" романынын негизинде коюла турган спектаклге колдонулат.
2016-жылдын соңунда Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү жана маданий ишмерлери Ошко достук сапары менен келишкен. Шаар башчылыгы менен жолуккандан соң вице-премьер-министр Адахам Икрамов Бабур театрына барып, 50 миң долларлык жардам берүүнү убада кылган.
Кыргызстандык маданий ишмерлер быйыл февралда Өзбекстанга бир апталык турне жасашкан. (SE)