Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Жээнбеков: Премьердин тапшырмасы аткарылбай жатат


3-майда Ош шаарында өткөн селектордук жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине сын айтты. 2016-жылдын октябрында Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя суусуна дамба курууну тапшырганын, бирок ал аткарылбаганын белгиледи:

- Премьер-министрдин тапшырмасын аткарбасаңар, анда силер башкача министрлик болуп калгансыңар. Мамлекеттин ичинде мамлекет болуп калгансыңар. Кырсык болгон жерлерге чатырларды тигип коюп, интернетке сүрөттөрдү чыгарып, иштеп жаткандай көрүнүп жүрөсүңөр. Бирок мен акыркы үч-төрт күн ичинде аймактарды кыдырып кейидим.

Жээнбеков Транспорт жана жол министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин ишинде олуттуу кемчиликтер бар экенин айтып, тез арада кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Өзгөн районундагы көчкү болгон аймактан билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрлери кабар албаганын сындады. (YI)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG