Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Эңилчекте дайынсыз болуп жаткан чабандарды издеген адам каза болду


Ысык-Көлдүн Эңилчек аймагындагы Кайыңды кыштоосунда калып кеткен малчыларга чөп ташып бараткан жергиликтүү тургун Сары-Жаз суусуна кулап каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Боз-Учук айылынын жашоочусу Орунбек Маданбеков билдирди.

Анын айтымында, 29-апрелден 2-майга чейин Эңилчек аймагына калың кар жаады. Жол жабылып, 19 чабан менен байланыш болбой калган. Боз-Учук айылынын тургуну Бакыт Жолочиев аларга тоют алып баратып сууга кулап каза болгон.

Жергиликтүүлөрдүн маалыматына ылайык, Кайыңды жайлоосундагы 19 чабандын он беши байланышка чыкты. Төртөөнүн дайыны жок болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан бул маалыматты "Азаттык" радиосуна бышыкташты. (AsM\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG