Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Чемпиондор лигасы: «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка караганда, «Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди. Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт.

Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну да болду. Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде утту. Бул жуптун ортосундагы жооптук беттеш 11-майда өтөт.

Европа лигасынын жарым финалынын алкагында бүгүн испаниялык "Сельта" жана англиялык "Манчестер Юнайтед" командалары беттешет.

XS
SM
MD
LG