Ирандын түндүгүндө жайгашкан көмүр кенде 3-май күнкү жарылуудан бери дегенде 35 адам набыт болду. Расмийлер IRNA агенттигине билдиргендей, Гүлистан аймагындагы Земистанюрт шаарына жакын кенде метан газы топтолуп, жарылуу болгон.
Соңку кабарларга ылайык, 80 жумушчу 1800 метр тереңдиктеги кенден чыга албай турат. 69 киши ооруканага түшкөн. Издөө-тазалоо иштери уланууда, бирок куткаруучулар 800 метр тереңдиктен ылдый бара албай жатышат.